Билим Эсимде

Кыргыз адабияты боюнча курс

Курс жөнүндө

Курс эмне  жөнүндө?

Курс эки модулдан туруп, кыргыз адабиятынын өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлеген эки теманы талкуулайт. Биринчисинде “замана агымынын” ири өкүлдөрү жана алардын чыгармалары менен тааныштырып, агымдын пайда болуу себептерине,  ага карата түүрдүү көз караштарга  сереп салат. Экинчисинде “Үркұн” темасынын кыргыз адабиятында чагылдырылышы тууралуу маалымат берет.

Курстун максаты:

  • Кыргыз адабиятынын өнүгүүсүндө  “Замана агымынын” ээлеген ордун белгилөө
  • Заманан агымынын өкүлдөрү жана алардын чыгармалары менен тааныштыруу
  • Кыргыз адабиятынын ар кайсы өнүгүү этабында Үркүн темасынын чагылдырылышы тууралуу жалпы маалымат берилет

Курс кайсы аудиторияга сунушталат:

Курс адабиятка кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жана мектеп окуучуларына, кесиптик окуу жайлардын, жогорку окуу жайлардын студенттерине, окутуучуларына сунушталат.

Show More

Курстун мазмуну

Модуль 1
Кыргыз адабиятында «заманист акындар», «замана агымы», «замана поэзиясы» деген аталыштар бар. Ал кандай агым ? Эмне үчүн ошол агымдын өкүлдөрү «заманист акындар» деп аталып калышты? Ал агымдын кыргыз адабиятындагы, маданиятындагы орду кандай? Замана агымын түзгөн чыгармалардын көркөмдүк-поэтикалык өзгөчөлүктөрү барбы? деген суроолорго бүгүнкү лекцияда жооп издеп көрсөк.

  • Кыргыз адабиятындагы «замана агымы»
  • Тест

Модуль 2
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында чагылдырышы

Студенттердин сын-пикирлери

Азырынча баяндама жок
Азырынча баяндама жок